“ТҮНДҮК” ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЭЛЕКТРОНДУК ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ ТУТУМУНУН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ДОКУМЕНТ АЛЫҢЫЗ

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында юридикалык жактан маанилүү деп таанылганына байланыштуу жарандар санариптик документтерди мамлекеттик органдарга, жергиликтүү органдарга, банктарга, байланыш операторлоруна жана башка талап кылган жерлерге көрсөтүп жатышат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн смартфондорундагы «Tunduk» мобилдик тиркемеси аркылуу төмөнкү документтерди колдоно алат:
•Жашагандыгы
•Иштегендиги
•Айлык тууралуу
•Соттулугу
• Идентификациялык карта;
• Айдоочулук күбөлүгү;
• Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү ж.б керектүү маалымкаттардын дээрлик баардыгын ала аласыздар.
Нарын шаарынын тургундарын «Tunduk» мобилдик тиркемесин көчүрүп алып, керектүү документтерди электрондук түрдө пайдаланууга чакырабыз.
📍 Калкты тейлөө борборунан жана облустук китепканага барсаңыздар тиркемени көчүрүп, код берет. Байланыш телефон 0770684844