ТАКСИ БРИГАДИРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТҮП ЖОЛ КИРЕ БААСЫН 15 СОМДО КАЛТЫРУУ МАКУЛДАШЫЛДЫ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардагы ички жолдордо эл ташыган айдоочулардын бригадирлери менен жана коомдук транспрорттун жетекчиси менен жолугушуп жол кире баасын 15 сом боюнча калтырууну сүйлөштү.
Буга чейин айдоочулар жол кирени кымбатычылыктан улам 20 сомго көтөрүү чечимин кабыл алышканын билдиришкен. Бирок айрым жарандарыбыз жол кире баасынын көтөрүлгөнүнө нааразычылыктарын билдирип кайрылып келишкен.
Ушундан улам калаа башчысы Канболот Тутуев шаардагы такси бригадирлери менен жолугушуп жарандардын кайрылууларын эске алуу менен жол кирени кымбаттатпоо өтүнүчүн айтып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен элди 15 сомдон ташууга макулдашты.
Мындан тышкары «Нарын Жол Транс» жоопкерчилиги чектелген коом жетекчисине коомдук маршуруттук таксилерди өз убагында чыгарып, активдештирүүнү айтты.
Ошондой эле шаардагы ички жолдордо убактылуу иштеп, жүргүнчүлөрдү 20 сомдон ташыган айдоочулар үчүн тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүнү:
Бишкек-Нарын-Торугарт жолундаагы оор жүк ташыган унаалардын шаар ичинде баш аламан токтошуна жол бербөө жана алдын алуу үчүн тийиштүү жол белгилерин коюуну атайын кызмат жетекчилерине тапшырды.
Бүгүнкү күнү Нарын шаарына электробустарды алып келүү боюнча аракеттер тендер жарыяланды.