«ТАЗАЛАГАН ЭМЕС, ТАЗА КАРМАГАН ЖЕР ТАЗА»

Нарын шаарындагы 93546 аскер бөлүгүнө караштуу Ленин 25 А жана Ленин 25 Б дарегиндеги кабаттуу турак жайлардын подьезддери жашоочулар тарабынан акталып, сырдалып оңдолду.
Аталган аскер бөлүктүн жетекчилиги тарабынан подьезддерди оңдоо боюнча тургундар арасында сынак жарыяланып, натыйжада жашоочулар каражат топтошуп, актап, сырдап жарыктандырып, темир эшиктерди салып, балдар оюн аянтынан бери ирээтке келтиришкен.
Бүгүн, Куралдуу күчтөрүнүн күнүндө үлгүлүү ишке шаар башчысы Канболот Тутуев да таанышып, кабаттуу турак жайлар арасындагы » подьезди таза кармайлы» тазалык акциясын жарыялап, байге мыкты турак жай, мыкты подьездерге 50 миң сом байге коюлгандыгын айтып, үйлөрдүн фасадын оңдоого техника жана күйүүчү май, жумушчу күч жагынан колдоо көрсөтөөрүн маалымадап, жашоочулардын өз алдынча инфраструктураны жакшыртуу иштерине кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Подьезди таза кармайлы тазалык акциясын шаарыбыздын 70 жаштагы, аксакал, активдүү тургуну Амантур Торогелдиев өткөн жылы баштап берген.