УКУКТУК, СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫН КАРМАНГАН КЕЛЕЧЕКТИ ТҮЗҮҮГӨ ҮНДӨГӨН ЖОЛУГУШУУЛАР УЮШТУРУЛУУДА

Нарын шаарында ички иштер орган кызматкерлери менен орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары ортосунда жолугушуулар уюштурулду.
Шаар аймагындагы орто мектептердеги укук бузууларды, кылмыштуулукту, зордук зомбулукту алдын алуу менен окуучуларга укук бузуу жана башка тартип бузуучулуктан улам жаралуучу жоопкерчиликтер, анын кесепеттери тууралуу кеңири тушундүрүү иштери алып барылып, окуучулардын коргоо жана коопсуздук, укук бузуучулук учурундагы аракеттер тууралуу суроолоруна укук коргоо кызматкерлери жооп беришип, өспүрүмдөрдү сергек жашоо образын карманып, жаман адаттардан оолак болуу зарылчылыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Жолугушууга Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазыев баштаган социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарынын жетекчилери катышышып, окуучуларды кылмыштуулуктан сак болууга үндөшүп, билимдүү муунду тузүүгө чакырышты.