ЖАҢЫ ИМАРАТ ЖАНА ЖАҢЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДУУЛАР ИШКЕ КИРДИ 

Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунда жаңы дарт аныктоочу жабдуулар иштеп баштады.
Аталган саламаттыкты сактоо мекемесинин лабораториялык бөлүгү үчүн демөөрчүнүн эсебинен 2 млн 800 мин сомго жаңы имарат курулуп, ичине жаңы дарт аныктоочу жабдуулар жайгаштырылып, калкка кызмат көрсөтө баштады.
Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун директору Табалды Жакыповдун кызмат көрсөтүүнү сапатын жакшыртуу, кызматкерлерге шарт түзүү боюнча араккетин каржылоого алган демөөрчү дарыгер Талант Калдыбаев үй бүлөсү менен 2 млн 800 сомдук колдоо көрсөткөн.
Жаңы имаратка саламаттыкты сактоо министрлиги жана эл аралык донорлордун жардамы менен акыркы үлгүдөгү анализаторлор жана УЗИ аппараттары алынып, иштей баштады.