ЖАҢЫРГАН ЖЫЛЫ ШААРЫБЫЗДЫН ИНФАРСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУ БАГЫТЫНДАГЫ МАКСАТТАР ЖЕРИНДЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы айрым максаттар жеринде талкууланды.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев орун басарлары жана шаардык мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге көчмө жыйын уюштуруп, алдыда аткарылуучу иштердин ичинен инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган иш мерчемдерди талкууга алды.
Көчмө жыйында Нарын шаарына кире берүүчү жерлердин абалын жакшыртып, көркөмдөө. РТС аймагына тротуары менен веложол салуу үчүн атайын дизайндарды даярдоо, Ак-Корган аймагына шаардык комуналдык кызматынын аллеясын жасоо, парк, скверлерди түптөө, жашылдандыруучу аймактарды пландоо, парктарды реконструкциялоо, кароосуз турган аймактарды иштетүү, мыйзамсыз
тосулган жерлерди бошотуу. Жазгы жашылдандыруу иштерине кам көрүү менен куурап, өсүүсү токтогон бак-дарактарды тазалоо жана башка маселелер жер-жерлеринде талкууланып, тийиштүү мекеме башчыларына тапшырмалар берилди.
Бүгүнкү күнү Нарын шаарында туруктуу өнүгүүнүн максаттарын аныктоо менен алдыда аткарылуучу иштердин долбоорлору даярдалып, каржылоо булактары аныкталууда.