ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫК БЕРИП, ПЛАН ТАПШЫРМАЛАРДЫ ТОЛУК АТКАРБАГАН ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН КЫЗМАТТЫК ОРУНДАРЫ КАРАЛАТ 

Нарын шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү коллегияда каралды. Отурумга шаардык коллегия мүчөлөрүнөн тышкары Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров катышты.
Коллегияда Нарын шаарында 2023 жылы өнөр жай көрсөткүчү толук аткарылбай салык чогултууда план толбой калгандыгы белгиленип, Нарын шаардык салык кызматына жана экономика өнөр жай боюнча тармак жетекчилерине салык төлөөчүлөр менен кызматташууну чыңдоо, салык тармагындагы жаңы ийгиликтүү тажрыйбаларды колдонуу, салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жана план тапшырмадардын аткарылбай калышына анализ жасоо менен көйгөйдү жөнгө салуу тапшырмалары берилди.
Алдыда шаардын санитардык тазалыгына өзгөчө көңүл бурулат. Таза Нарын ишканасынын жетекчисине кызматкерлердин жумуш убактысын эффективдүү пайдалануу, тазалоо иштерин таң эрте аткаруу, маал маалы менен шаарды кыдырып толук көзөмөлдөө жана өз алдынча каражат табуу жана аны ишкананын өнүгүшүнө жумшоо менен жергиликтүү бюджетке ашыкча жүк алып келбөө тапшырылды.
Мындан сырткары жылуулук ишкана башчысына кышкы жылытуу маалында жылуулук менен ккмсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо,
Муниципалдык менчикти башкаруу ишканасына башчысына мыйзамсыз курулуштар менен иштөөнү жакшыртуу. Жаңы түзүлгөн муниципалдык өндүрүштүк ишкана башчысына ишти жандандыруу жана жумушчу орун түзүү тапшырмалары берилди.
Ал эми саламаттыкты сактоо тармак башчысына жугуштуу илдеттерден сактануу, серек жашоо образын кармануу;
Билим берүү бөлүмүнө башчы болуп жаңы дайындалган Ажар Дюшеналиевага шаардын билим берүү тармагын жогорулатуу боюнча жаңы баскычка көтөрүү чараларын көрүү тапшырылды.
Коллегиялык отурумда Нарын шаарынын мэри мекеме-ишкана жетекчилерине өз милдеттерин так жана ылдам, сапаттуу аткарууну тапшырып, тийиштүү денгээлде иш алып барбаган жетекчилердин кызматтык жоопкерчиликтери суралаарын белгиледи.