ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫН КАРОО ЖАНА АЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ИШТЕРИ ЖАКШЫРТЫЛДЫ

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»  мыйзамды так аткаруу  жана мамлекеттик органдын  иштөө ыкмаларына санарип технологиялары колдонуужарандардын кайрылууларына ыкчам  чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында  Нарын шаардык мэриясында коомдук кабылдама иштей баштады.

Коомдук кабылдама  видео, аудио көзөмөлдөөчү жабдуулары менен жабдылып, Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин  чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборуна кошулуп, онлайн көзөмөлгө коюлду.

Ошондой эле жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу максатында кызматкердердин нөөмөтү түзулүп, кайрылуулар менен иштөөнүн сапатын жакшыртуу колго  алынды.

Нарын шаардык мэриясына жана шаардык мекеме-ишканаларга онлайн түрүндө https://naryncity.kg/  сайты же https://www.facebook.com/profile.php?id=1000174785164 расмий барагы акылуу кайрылууларыңыздарды жиберип жооп алсаңыздар болоорун белгилейбиз.

Жарандардын эсине: Нарын шаарынын мэринин жарандарды кабыл алуу күнү ар бейшемби  түшкү саат 14:00дон баштап, мэрдин биринчи орун басары шаршемби күндөрү саат 9 дан- 18:00го чейин, мэрдин орун басары жума күндөрү саат 9дан-18:00го чейин