ЖАШ ТАБЫШКЕР ДОЛБООРУ ЖАШТАРДЫ БИЗНЕСКЕ ОКУТУП, БАШТАЛГЫЧ ДОЛБООРЛОРДУ КОЛДОЙТ

Нарын шаардык мэриясы Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте жаштарды ишкердикке окутуу боюнча кызматташтат.
Бул боюнча атайын кызматташуу меморандумуна кол коюу иш чарасы өтүп, 18-35 жашка чейинки жаштарды агроишкердикке окутуу жана башталгыч бизнес долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүү боюнча долбоор тааныштырылды.
Эртең, 11-февраль 2023-жылы НМУнун агрохабында өтүүчү тренингде жаштарды туруктуу иш менен камсыз кылуу максатындагы Энактас Кыргызстан уюмунун Жаш табышкер долбоорун тааныштыруу жана бизнес ачуу боюнча окутуулар өтүп, ССМ негиздери боюнча маалыматтар беры тузүү жана жүргүзүү боюнча практикалык окуутуулар болот. Ошондой эле жергиликтүү “Бай Нарын” ишканасына экскурсия уюштурулат.
Урматтуу шаарыбыздын жаш тургундары! Сиздерди жаш табышкер долбоорунун окууларына катышууга чакырабыз. Байланыш үчүн 0551180 455, 0999507007 телефон номерлерине чалыңыздар.