«ЖАЗГЫ ЖУМУШТАРГА ЖАРДАМ БЕРИП, ЭМГЕКЧИЛ МУУНДУ ТАРБИЯЛАЙЛЫ» МЭР К. ТУТУЕВ ШААР ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардын борбордук чөлкөмүнүн жана шаарча аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, 2022-жылы аткарган иштеринин отчетун берип, тургундардын сунуш, көйгөйлөрүн укту.
Жергиликтүү тургундар шаар мэринен жөө адамдар жолун, салу у таза суу жана саркынды суу тутумдарын куруу, Шеарлиев көчөсүнүн маселесин жөнгө салуу, жарыктандыруу, тазалык, жумушчу орун, бала бакча тартыштыгы 8-орто мектептин жылуулук системасын жаңыртуу жана башка суроолорду беришти.
Тургундардын көйгөйлүү суроолорун жөнгө салуу тийиштүү мекеме башчыларына тапшырылып, чечип берүү берүү убадаланды.
Жыйында Канболот Тутуев тургундарды шаардын өнүп-өсүшунө жалпы жашоочулар чогуу аракет кылышы зарыл экендигин белгилеп, жазгы жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалоо иштерине жигердүү катышууну айтып, алдыга максаттуу пландар коюлуп жаткандыгын белгиледи.