ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫН ЖАКШЫРТУУ ЗАРЫЛ

Нарын шаарынын аймагынд үй бүлөлүк зордук зомбулукка каршы алдын алуу иштерин жакшыртуу аракеттерин жакшыртуу маселеси шаардык прокуротуранын демилгеси менен координациялык кеңештин биринчи отурумунда талкууланды.
Жыйында зордук зомбулуктун баардык түрүн алдын алуу боюнча тийиштүү тармактар атайын укуктук ченемдик актыларга ылайык иш милдеттерди аткарууга алышаканына карабай бул боюнча катталган учурдардын саны өсүүдө.
Мындан улам зордук зомбулукка каршы иш алып барган кызмат адамдарынын ортосундагы байланышты чыңдоо, маалымат алмашууну так жүргузүү жана натыйжалуу иш алып баруу талкууланып, мындан ары иштин жыйынтыгына прокуратура тарабынан баа берилээри айтылды.
Ошондой эле зордук зомбулука каршы алдын алуу чараларынын сапатын жакшыртып, түшүндүрүү иштерин алып барууну күчөтүү белгиленди.