Жарандардын кайрылуусу / суроо-жооптор

Бардык кайрылуулар: 146
  -  Аткарылгандар
  -  Аткарылбагандар

    Бизге кайрылуу



    12.06.2023
    Саламатсыздарбы, 24-апрелде Алтын-Нур кочосундогу балдар ойноочу аянтчасынын тосмосун тосуу боюнча кайрыллык эле . Сиздер майдын аягы менен тосмо тосулат деп жооп беиилген. Тосулмак тугул баштала да элек. Ошондой эле ошонун жанындагы Анжелика павильонун да алуу керек. Себеби жакынла дагы баланы машина сузуп кетти. Павильонду алдыруу керек. Жергиликтуу бюджеттин эсебинен болунгон акча карадатка алынган тосмолор тосулуу керек.
    Саламатсызбы? Жакында тосулат. жумушчлар бошосун. Анжелика повелиону боюнча комиссия барып көрөт.
    12.06.2023
    Нарын шаардык мэриясы эшигинердин алдындагы Усубалиевдин эстелиги талкаланып баштаптыр. Карап койсонор боло 0707642434
    Саламатсызбы, көзөмөлгө алдык.
    06.06.2023
    Саламатсыздарбы, 24-апрелде Алтын-Нур кочосундогу балдар ойноочу аянтчасынын тосмосун тосуу боюнча кайрыллык эле . Сиздер майдын аягы менен тосмо тосулат деп жооп беиилген. Тосулмак тугул баштала да элек. Ошондой эле ошонун жанындагы Анжелика павильонун да алуу керек. Себеби жакынла дагы баланы машина сузуп кетти. Павильонду алдыруу керек. Жергиликтуу бюджеттин эсебинен болунгон акча карадатка алынган тосмолор тосулуу керек.
    Саламатсызбы, ооба туура айтасыз майдын аягында деп жооп бергенбиз. Тилекке каршы ишкананын жумушчулары Раззаков кочосундогу жаны уюшулган скверди тосуу иштерин жургузуп жатышкандыктан бошобой, Алтын-Нур кочосундогу балдар аянтчасын тосуу иштери жылдырылып калды. Ал эми Анжелика павильону боюнча жер маселеси болгондуктан, Сизге, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат корсотуу боюнча муниципалдык ишканасына кайрылууну сунуштайбыз ,же болбосо ушул сайттан \"Жер маселеси\" деген категориясын танданыз.
    05.06.2023
    С.Орозбак менен Жаныл Мырза кочосунун Кун батыш тарабында Учкун айылынын таксисттери тротуарга автоунааларын токтотуп, парковка кылып алышты, жоо адамдар отууго мумкун эмес, айтсак такыр угушпайт. Балдар тротуар менен ото алышпай, чон жол менен отушот, бул аябай кооптуу, машиналар коп отот. Ушул маселени эртерек чечип беруунуздорду суранабыз. Кылычбек 0702128871
    foto
    Саламатсызбы? сиздин кайрылууңузду тийиштүү кызмат башчларына кабарладык. Жөнго салынат.
    30.05.2023
    Орозбак кочосу менен Байбосунов кочосунун кесилиштериниг Кун батыш тарабындагы тунку чырактар жакшы куйбой жатат, Бир куну иштесе Бир куну иштебей калып жатат. Ушуну козомолго алып берсениздер.
    Саламатсызбы, Сиздин кайрылуунуз боюнча С.Орозбак кочосу менен Байбосунов кочосунун кесилишендеги тунку чырактар ондотулду
    27.05.2023
    Урматтуу шаардын жетекчилери! Достук көчөсүнөн Боогачы көчөсүнө өтүүчү кыска жол бар эле (Кычан мектебинин арты). Ошол кыска көчөнүн эки тарабындагы жашоочулар мыйзамсыз тосуп отурушуп, бир адам өткүдөй эле жол болуп калган. Эми анын калган бөлүгүн дагы бир жашоочу тосуп жатат. Мэр менен болгон жолугушууда ушул маселени көтөргөн элек. Бирок, эч кандай чара көрүлгөн жок. Чатырларын ошол жолду көздөй эңкейтип жаап алгандыктан, жаандын суусу ошол бир киши өтчү жолго толуп чыгат. Кичинекей балдар мектепке өтө албай алыс жол менен айланып өтүүгө туура келүүдө. Сиздерден суранарым, ушул мыйзамсыз курулуштарды алдырып, көчөнү мурдагыдай машина/адамдар өтүүчү абалына келтирип бериниздер.
    Саламатсыздарбы? Сиздин кайрылуунузду тийиштүү мекеме башчыларына жеткирдик. Кабарлашып жеринде көрүшөт.
    23.05.2023
    Саламатсызбы, Нарын шаарынын Шадыманов көчөсүндо жол асфальттанып жаткандыгына байланыштуу, ошол жердеги көчөнүн тамдарды жана тосмолору өзүм билемдик менен ашыкча чыгып кеткен, ошолорду карап буздуртуу боюнча иш алып баруунуздарды сурайм. Казылган канализация чункурларын тез арада комдуртуп берүүнузду суранам. 0705651910 Казиева Айнура
    Саламатсызбы ? Кайрылуунуз козомолго алынды.
    22.05.2023
    Саламатсыз, Котормо кочосунун жашоочуларынын атынан сизге кайрылуубуздун себеби: Жолдун боюна канализация келгендиктен ички кочого 60 метр жерге канализация турбаларын жаткырууга чамабыз келбей жатат. Каздырууга техника жагынан жардам берсениз ГСМ жагын озубуз чечет элек. Трубаларын алып дайындап койгонбуз. Иманалиев Эркинбек
    сиздин кайрылуунузду карап чыгып анан жооп беребиз.
    12.05.2023
    Орозбак кочосу менен Андабеков кочосунун кечилишинде айылдын таксилери автоунааларын тротуарларга токтотуп, жол жургунчулорго жолтоо болуп жатат.
    foto
    Саламатсызбы? 1-июндан баштап туура эмес токтогон улаалар эвакуацияланып, базар аймагын ирээтке келтирүү иштери башталат.
    04.05.2023
    Саламатсыздарбы, 2023-жылдын кыш айларында МДС аймагында (ГОВДнын мандайы, 5 кабат уйдун алды) таза суу тутугу жарылып, ондоо иштери жургон. Казылган жер кайра комулгон, бирок, иш сапаттуу аткарылган эмес. Казылгандагы шагылдар жана таштар толугу менен туздолгон эмес. Убакыт откон сайын комулгон жерлер улам чогуп, автомашиналардын кирип-чыгуусуна кыйынчылык жаратууда. Аталган жерди техниканын жардамы менен туздоп, устуно тегиздоо учун баласт токтуруп беруунуздорду жашоочулар отунот. Чунгулов Жекшен 0706146146
    foto
    Саламатсызбы? Сиздин билдирүүңүз тийиштүү кызматтарга аткарууга жиберилди.

    Дата боюнча отчет түзүү:

    Муниципалдык мекемелер

    Нарын сууканал ишканасы
    WhatsApp: 0709814554

    Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы
    WhatsApp: 0701002779

    Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы
    WhatsApp: 0706100006

    «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик Ишканасынын Нарындагы райондар аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси
    WhatsApp: 0500260974

    Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы
    WhatsApp: 0707000773